Аба ырайы: аймактарда өткүн өтөт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей 14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгышында 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус болот.

Дагы караңыз

Украина: Трамп Стамбулдагы жолугушууга баруу ниетин билдирди Садыр Жапаров Ташиевдер мунай базасын сатып, мамлекетке оорукана салып бергенин билдирдиШаардык сот укук коргоочу Карасартованы абакта калтырдыУкук коргоочу Зульфия Марат дүйнөдөн кайтты