АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирди. AFP агенттиги ал бул тууралуу Сауд Арабияда иш сапар менен жүргөндө айтканын жазды.
"Ушул аптанын аягында, болжол менен бейшемби күнү Түркияда сүйлөшүү өтөт жана жыйынтыгы жакшы дагы болушу мүмкүн. Ал жакка Марко барат", - деди Трамп.
Мунун алдында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
Стамбулда 15-майда "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган, бирок жеке өзүнүн барар-барбасы, жолугушуу кандай форматта өтөрү азырынча белгисиз. Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияда Путин менен көзмө-көз гана жолугушарын билдирген.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Путиндин уруксаты менен гана Стамбулга барчу делегациянын курамы жарыяланарын" маалымдаган.
Буга чейин Bloomberg басылмасы өз булактарына шилтеме кылып Батыш өлкөлөрү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы белгилүү болмоюнча расмий Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялабай турууну макулдашканын жазган.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Британиянын жана Польшанын премьер-министрлери Кир Стармер менен Дональд Туск 10-майда Киевде Зеленский менен жолуккандан кийин 12-майдан тартып ок атышууну токтотуу сунушун жарыялашкан. Алар Москва бул сунуштан баш тартса жаңы санкциялар топтомуна кабыларын эскертишкен.
АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн сапары пайда алып келсе, Орусия менен Украинанын Стамбулдагы сүйлөшүүсүнө катышуусу мүмкүн экенин дүйшөмбүдө билдирди.
Дүйшөмбүдө президент Трамп экинчи мөөнөтүндөгү алгачкы тышкы сапарына чыгып, Сауд Арабиясы, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарына барды.
Трамп 15-майда Орусия менен Украинанын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө катышуу үчүн Стамбулга барууну ойлонуп жатат.
“Мен ошол убакта кайсы жерде болушумду билбейм, болжол менен Жакынкы Чыгышта болсом керек. Менин катышуум пайда берет деп ойлосом, ал жакка учуп барам”, - деди Дональд Трамп.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бул сүйлөшүүгө катышарын жарыялап, Стамбулдагы жолугушууга Орусия президенти Владимир Путиндин да катышуусун сунуштады.
Трамптын сөзүнө караганда, ал жолугушууга Орусиянын жана Украинанын президенттери катышат жана алар ок атышууну 30 күнгө токтотуу келишимине макул болушат.
“Менде ушундай туюм болуп жатат”, - деди Трамп журналисттер менен сүйлөшүп жатып.
10-майда Британиянын, Германиянын, Франциянын, Польшанын жана Украинанын лидерлери Киевдеги сүйлөшүүдөн кийин Орусиядан ок атышууну 30 күнгө токтотуу келишимине макул болуусун талап кылышты. Эгерде Орусия 12-майдан тарта ок атышууну токтотуудан баш тартса, орус экономикасынын энергетика жана банк секторуна катаал санкциялар салынарын эскертишкен.
Трамптын администрациясы бул эскертүүгө ачык кошулган эмес. 11-майда Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына бул сүйлөшүүлөр жок дегенде “макулдашууга жетүү мүмкүнбү же мүмкүн эместигин аныктоого мүмкүндүк берет, эгер мүмкүн болбосо, анда Европа лидерлери жана Америка Кошмо Штаттары абалды түшүнүп, тиешелүү аракеттерди көрүшөт" деп жазган.
Түркиянын жана Орусиянын президенттери Режеп Тайип Эрдоган менен Владимир Путин телефондон сүйлөшкөнү белгилүү болду.
Жекшембиге караган түнкү Путин журналисттерге жолукканда Украинадагы түз сүйлөшүүлөрдү 15-майдан тарта жандандыра турганын билдирди.
TRT Haber берген маалыматта Эрдоган Анкара диалог үчүн аянтча түзүүгө даяр экенин ырастап, "тынчтыкка жетүү үчүн мүмкүнчүлүк терезеси ачылганын" айткан. Түркиянын президенти "ок атышууну токтотуу сүйлөшүүгө шарт түзөрүн" белгиледи.
Орусиянын ТИМи Эрдоган Путиндин демилгесин колдогонун билдиргени мененок атышууну токтотуу тууралуу эч нерсе айткан эмес.
Путин менен сүйлөшкөнгө чейин Эрдоган Франциянын президенти Эммануэл Макронго телефон чалганы белгилүү болду.
"Согушту токтотуу жолунда колдоно тургандай тарыхый бурулуш учуру түзүлдү. Түркия тынчтыкты бекемдөө жана ок атышууну токтотуу үчүү үчүн сүйлөшүү уюштурууга даяр", - деп белгиледи Эрдоган.
Ал мындан тышкары Москва менен Киевдин ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү башталышы керектигин жана Украинаны калыбына келтирүү үчүн Франция менен кызматташтык маанилүү экенин белгилеген.
Путин сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин Киев 12-майдан тарта 30 күндүк элдешүүгө даяр экенин айткандан кийин билдирген. Бул сунуш Кошмо Штаттар жана Украинанын европалык өнөктөштөрү тарабынан колдоо тапкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер Орусия ок атышууну токтотууга макул болсо сүйлөшүүлөргө даяр экенин айткан. Бул билдирүү Польша, Франция, Британия жана Германиянын лидерлери Украинанын борборуна баргандан кийин жасалды.
АКШ президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог жекшембиде ок атышууну токтотуу, андан кийин сүйлөшүүнү баштоо схемасын колдоду.
"Трамп бир канча жолу айткандай, адам өлтүрүү токтошу керек Адегенде ок атышууну отуз күнгө токтотуу керек, андан кийин гана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо абзел. Мындан башка жол жок", - деп жазды Келлог Х социалдык түйүнүнө.
Украинага жүздөй учкучсуз учак чабуул койду
Дүйшөмбүгө тараган түнү Украинага 108 орусиялык учкучсуз учак чабуул койду. Украинанын куралдуу күчтөрү 55 дронду атып түшүргөнүн, дагы 30у бутага тийбей калганын билдирди. Жыйынтыгында Одесса, Николаев, Донецк, Житомир облусу жабыр тарткан.
Донецк облусунда жүк ташыган поездге сокку урулган. "Украин темир жолу" билдиргендей машинист бутунан жараат алган. "Элдешүүнү улантууга тоготпостук менен карашууда, душмандын темир жолдун инфратүзүмүнө чабуулдары уланууда" - деп билдиришти уюмдан.