Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

АКШнын президенти Дональд Трамп  Сауд Арабиясына сапарын баштады


АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман. Эр-Рияд, 13-май 2025-жыл
АКШнын президенти Дональд Трамп жана Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман. Эр-Рияд, 13-май 2025-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңундагы үч мамлекетке сапарын Сауд Арабиясынан баштады. Эр-Риядда ал падышалыктын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушту.

Трамп Саудия - АКШ инвестиция форумунан кийин шаршемби күнү Катарга, бейшембиде Бириккен Араб Эмиратына бармакчы.

Сауд Арабиянын инвестиция министри Халид ал-Фалих форумду ачып жатып, энергетика эки тараптуу мамилелердин негизи бөлүгү болуп кала бергени менен падышалыктагы инвестициялар жана бизнес мүмкүнчүлүктөрү эселеп көбөйгөнүн айтты.

Трамп бир триллион доллардан ашуун инвестицияны, анын ичинде жасалма интеллект, энергетика, курал-жарак тармагында келишимдерге жетишүүгө үмүттөнөт.

АКШ лидери 2017-жылы да президент катары чет өлкөдөгү расмий сапарын Сауд Арабиядан баштаган.

Америкалык президент бул ирет Израилге барууну пландаган эмес. Бул чечим Вашингтондун приоритеттерине байланышкан суроолорду жаратты.

Трамп Израилге башка жолу барарын айткан.

Визит алдында Вашингтон Сауд Арабия менен жарандык өзөктүк энергетика жаатындагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрүндө падышалыктан Израил менен алакаларды жөнгө салууну талап кылбайт деп маалымдалган.


Шерине

XS
SM
MD
LG