Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Футзал: Кокондо Кыргызстан менен Өзбекстандын аксакалдар мелдеши өтүүдө


Кокон шаарында өтүп жаткан футболдук мелдеш.
Кокон шаарында өтүп жаткан футболдук мелдеш.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 60 жаштан жогору курактагы жарандарынын арасында “Достук 60+” аттуу футзал боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Мелдеш бул ирет Өзбекстандын Кокон шаарында уюштурулганын кыргызстандык «Ынтымак Эл» командасынын капитаны Камалбек Раимжанов маалымдады.

“Чек аралардын ачылганы жакшы болуп, эл достугун, ынтымагын ушинтип спорт менен да бекемдеп жатабыз. Бул эл аралык турнирге Кыргызстандын футзал федерациясы менен жергиликтүү бийликтери да колдоо көрсөтө турган болууда”, - деди Раимжанов.

Бул эки өлкөнүн коңшу облустарынын аксакалдарынын өз демилгеси менен өткөрүп келаткан мелдеши.

Азыр Кыргызстандан беш тайпа: “Ынтымак Эл” (Ош шаары жана Араван району), "Учкун" (Кара-Суу району), "Ихлас" жана "Кара-Таш" (Ноокат району), "Сузак" (Жалал-Абад облусу) катышууда.

Ал эми Өзбекстандан Фергана облусунун Кокон, Чимён, Анжиян, Мархамат шаарлары жана Наманган облусунун Нарын районунан командалар чыккан.

Мелдеш алгачкы жолу былтыр өткөрүлө баштаган. Кезектеги спорттук иш-чара июнда Кыргызстанда өтөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG