Кыргызгидромет борбору билдиргендей 14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгышында 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34 градус болот.
Шерине