Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Эл аралык жарандык авиация уюму малайзиялык учактын кыйрашына Орусия жооптуу деп тапты


Малайзиялык учак кыйраган жердеги эстелик.
Малайзиялык учак кыйраган жердеги эстелик.

Эл аралык жарандык авиация уюму (ИCАО) "Малайзия аба жолдору" компаниясынын 2014-жылдын июлунда Амстердамдан Куала-Лумпурга багыт алган MH17 рейсинин Донбасста кыйраганы үчүн Орусия расмий түрдө жооптуу деп тапты. Кырсыктан 298 адам каза тапкан.

Аталган эл аралык уюмдун кеңеши 12-майдагы чечиминде Орусияны Эл аралык жарандык авиация боюнча конвенцияны бузган деп айыптады.

Кеңеш Орусидан компенсация төлөтүү маселесин кийинчерээк карай турган болду.

Австралия жана Нидерланд учак кырсыгына байланышкан ишти 2022-жылы БУУга караштуу Эл аралык жарандык авиация уюмуна өткөрүп берген.

Кыйраган учактагы жүргүнчүлөрдүн көбү Голландиянын жарандары болчу, мындан тышкары Австралиянын 38, Британиянын 10 жараны, Бельгия жана Малайзиянын атуулдары да бар болгон.

«Боингдин» кыйрашынын себебин иликтеген эл аралык тергөө тобу учак Орусиянын «Бук» зениттик системасынан атылган ракета менен атып түшүрүлгөнүн аныктаган.

2022-жылы Гаага соту үч адамды, анын ичинде өзүн Донец элдик республикасы деп жарыялап алган түзүмдүн "коргоо министри" Игорь Стреловду учактын кыйрашына күнөөлүү деп таап, сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.

Орусия малайзиялык учакты ким, кантип атып түшүргөнү боюнча бир нече жолу ар кандай маалыматтарды айтып, ага тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагып келди.

Шерине

XS
SM
MD
LG