Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:23

Догдургүл Кендирбаева Агартуу, Бактияр Орозов Илим, жогорку билим берүү министрлигин жетектейт


Догдугүл Кендирбаева менен Бактияр Орозов
Догдугүл Кендирбаева менен Бактияр Орозов

Догдургүл Кендирбаева агартуу министринин, Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновация министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Мындай жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат катчылыгы кабарлады. Андан мурда Билим берүү министрлигин экиге бөлүү боюнча чечим кабыл алган.

Ага ылайык, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат.

Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлгөн.

59 жаштагы Кендирбаева 2023-жылы ноябрдан бери билим берүү, илим министри болуп иштеп келген.

Ал эми 39 жаштагы Орозов буга чейин юстиция министринин орун басары болуп эмгектенип жаткан. Анын алдында билим берүү министринин орун басарлыгын аркалаган.



Шерине

XS
SM
MD
LG