Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Күрттөрдүн жумушчу партиясы (PKK) куралдуу күрөштөн баш тартты


Күрттөрдүн жумушчу партиясынын камактагы лидери Абдулла Өжалан. Архив
Күрттөрдүн жумушчу партиясынын камактагы лидери Абдулла Өжалан. Архив

Күрттөрдүн жумушчу партиясы (PKK) мүчөлөрүн таратуу жана жана куралсыздануу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялады. 40 жылдан бери өз алдынча мамлекет түзүү үчүн Түркияга каршы куралдуу күрөш жүргүзүп келген партиянын 12-майда жасаган билдирүүсү ондогон кишинин өмүрүн алган региондогу эң узакка созулган жаңжалдардын бирине чекит коюу багытындагы олуттуу кадам болуп калды. Анкара, Вашингтон жана Еврошаркет террордук деп тааныган PKK күрттөр маселесин тынч жол менен чечүүгө үндөдү.

Жогорудагы чечим өткөн аптада Ирактын түндүгүндө өткөн курултайда кабыл алынды. Февралда партиянын камактагы лидери Абдулла Өжалан тарапкерлерин куралын таштоого жана ишмердүүлүгүн токтотууга, тынчтыкка умтулууга чакырган.

Бул тууралуу партияга жакын First агенттиги маалымдады.

Билдирүүдө PKK “өзүнүн демократиялык миссиясын аткарганын”, эми күрт маселесин демократиялык жол менен чечүү турганын белгиленген.

Саясий аналитик Владимир ван Вильгенбург Түркиядагы күрт жамааты “жаңжалдан чарчады жана тынчтыкка үмүттөнөт” деген пикирде. Ал ошондой эле күрттөр түрк өкмөтүнө канчалык ишенсе болорунан күмөн санап, Анкара саясатчы Селахаттин Демирташ өңдүү саясатчыны бошотуу, күрттөрдүн укуктарын таануу өңдүү жарашуу кадамдарын көрөбү деген собол салышарын айтат.

Бийликтеги Адилет жана өнүгүү (АК) партиясынын басма сөз өкүлү Өмер Челик PKKнын куралды таштоо жана тарап кетүү чечими “конкреттүү түрдө, толугу менен партиянын бардык бөлүктөрүндө ишке ашырылышы керек” деп билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG