Кыргызстан менен Тажикстандын соодасын 500 млн долларга жеткирүү талкууланды
Украин президенти менен болгон кайым айтышуудан кийин АКШ лидери Дональд Трамп Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтотту. Аскердик серепчилердин пикиринде, америкалык курал-жабдыкты жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы Украинанын коргонуусуна олуттуу сокку урушу ыктымал. Кыргызстанда 12 жылдык окутууга байланыштуу маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев бул системаны сындап чыккан соң талаш-талкуу күчөдү. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы менен Тажикстандын премьер-министри Дүйшөмбүдө жолугуп, соода-алаканы жандантууну талкуулады. Эки өлкө узак жана татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимге жетишкен.
Чыгарылыштар
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды
-
Май 05, 2025
Геленжик: Үч мигрантты уранды басып калды
Шерине