Соңку бир суткада Украина күчтөрү Херсон облусундагы Орусиянын аскердик объектилерине 15 жолу чабуул койду. Ал арада Орусия кошумча эки миңдей жоокерин Днепр дарыясынан алып өтүү аракетинде. Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу айрым жарандар акция өткөрүштү. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун жетекчилииги менен жолугуп, чек арада кайра чыр чыгып кетүүнү алдын алуу тапшырмасын берди. Ал арада айрым депутаттар баасын кымбаттаткан Орусиянын такси компаниясынын ордуна атамекендик компания түзүүнү сунуштоодо.
Чыгарылыштар
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам
-
Май 06, 2025
Айжигитов президент Жапаровго арызданды