Президент Дональд Трамптын тушунда АКШ саясатын өзгөртүп, Сауд Арабия менен жарандык өзөктүк энергетика жаатындагы кызматташуу сүйлөшүүлөрүндө падышалыктан Израил менен алакаларды жөнгө салууну талап кылбайт. Аналитиктер муну Тел-Авив үчүн терс көрүнүш деп чечмелешет.
Зеленский Москванын бетме бет сүйлөшүү өткөрүү чакырыгын жакшы жышаан катары баалады.
Индия менен Пакистан атышпоо тууралуу келишим бузулуп жатканын билдирип, бирин бири айыптап чыгышты. Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Викрам Мисри Пакистан тынчтык келишимин бир нече саат бою бузганын билдирди. Көп өтпөй ушундай эле айыптоо Пакистан тараптан айтылды.
9-майда Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы папа Леон XIV Ватиканда алгачкы таатын окуду. Андан бир күн мурда жаңы понтифик болуп шайланган америкалык кардинал Роберт Фрэнсис Превост көп жыл бою Перуда иштеген. Болочок папанын АКШ администрациясын миграция маселесинде сындаганы белгилүү.
9-майда Германиянын жаңы канцлери Фридрих Мерц Брюсселге барып, Европа биримдигинде жана НАТОдо жолугушууларды өткөрдү. Бул анын жогорку кызматка киришкенден кийинки алгачкы сапары.
Кызыл аянттагы парадга күбө болгон 30ка чукул лидердин арасынан көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзиньпинге бурулду. Москвадагы жеңиш парадынын максаты эмне? Путиндин Украинада үч күндүк жарашуу сунушу ишке ашып жатабы?
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага баруудан баш тарткандан кийин Кызыл аянттагы парадга 30ка чукул лидер күбө болду. Көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзинпинге бурулду.
Жеңиш күнү - Орусияда чейрек кылымдан бери бийликте турган президент Путиндин, жалпы эле Кремлдин саясатында пропаганданын көзүрүнө айланган. Айрыкча Украинада согуш жүрүп жатканда Москвага бул аба менен суудай зарыл экени даана көрүнөт.
8-майга караган түнү Владимир Путин жарыялаган үч күндүк жарашуу күчүнө кирди. Бирок бейшемби күнү эртең менен украин куралдуу күчтөрү Сумы облусу башкарылган бомба жана ракета чабуулдарына туш болгонун билдирди. Украин лидери Зеленский ок атууну 72 саатка эмес 30 күнгө токтотууга үндөгөн.
Пакистан 7-майда эртең менен Индиянын ракета чабуулунан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады. Дели "Синдур" деп аталган аскердик операциянын алкагында Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына чабуул жасалып, тогуз жай бутага алынганын маалымдады.
Дагы жүктөңүз