Президент Дональд Трамптын тушунда АКШ саясатын өзгөртүп, Сауд Арабия менен жарандык өзөктүк энергетика жаатындагы кызматташуу сүйлөшүүлөрүндө падышалыктан Израил менен алакаларды жөнгө салууну талап кылбайт. Аналитиктер муну Тел-Авив үчүн терс көрүнүш деп чечмелешет.
Өзгөчө кырдаал министрлигине караштуу аскер бөлүктөгү жоокерлерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча кылмыш иши козголду. Буга чейин интернетке аскерлерди келекелеп кыйнап жаткан тасма тарап кеткен.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-майда Орусиядагы кыргыз жарандарына кайрылып, бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесине” кирип калгандарды андан чыгууга берилген кошумча убакытты текке кетирбөөгө чакырды.
Зеленский Москванын бетме бет сүйлөшүү өткөрүү чакырыгын жакшы жышаан катары баалады.
Индия менен Пакистан атышпоо тууралуу келишим бузулуп жатканын билдирип, бирин бири айыптап чыгышты. Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Викрам Мисри Пакистан тынчтык келишимин бир нече саат бою бузганын билдирди. Көп өтпөй ушундай эле айыптоо Пакистан тараптан айтылды.
Аяк-башы көрүнбөгөн казактын кең талаасынын четинде, шамал менен күнгө туурулган боз шыбак тамда эне-бала, чоң атасы, чоң энеси жашайт. Баланын атасы согушка кеткен. Кемпир-чалдын басса-турса тилегени уулунун майдандан аман-эсен кайтышы.
9-майда Германиянын жаңы канцлери Фридрих Мерц Брюсселге барып, Европа биримдигинде жана НАТОдо жолугушууларды өткөрдү. Бул анын жогорку кызматка киришкенден кийинки алгачкы сапары.
Германдык фашизмдин үстүнөн болгон Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институту маркум тарыхчы Нарынбек Алымкуловдун мурасы болгон оригиналдуу монографияны жарыкка чыгарды.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага баруудан баш тарткандан кийин Кызыл аянттагы парадга 30ка чукул лидер күбө болду. Көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзинпинге бурулду.
Ичин өрт чалып, жалынын сыртка үйлөгөндөй оор, күйүттүү үшкүрүк болот. Чоң энемдин үшкүрүгү ушундай эле...
Австриялык Freedom for Eurasia уюму Казакстандын мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовдун кантип байыганы жана жыйган дүнүйөсүн эмнеге короткону жөнүндө 72 беттен турган изилдөө жарыялады.
Дагы жүктөңүз