Беларуста абактагы журналист Игорь Лосиктин бир тууган иниси Никита Лосик быйыл апрель айында кармалганын "Жашоо үчүн өлкө" фонду кабарлады. Маалыматты "Азаттыктын" беларус кызматы ишенимдүү булактарына таянып ырастады. Никита Лосик Витебск шаарындагы тергөө абагында камакта.
"Азаттыктын" беларус кызматы жазгандай, Лосикке "экстремисттик ишмердүүлүккө көмөк көрсөтүү" беренеси менен иш козголду. Тергөөнүн версиясы боюнча Лосик 2022-жылы Орусиянын аскердик техникасынын кыймылы тууралуу сүрөттөрдү "Беларусь Гаюн" Telegram каналына жиберген.
Никита "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматынын медиаконсультанты, блогер Игорь Лосиктин иниси. Игорь 2020-жылдын июнь айында кармалып, 15 жылга абакка кесилген. Ага “массалык көтөрүлүш уюштуруу, социалдык жек көрүүгө шыкактоо” жана башка бир нече айып тагылган.
Анын жубайы Дарья Лосик 2022-жылы кармалып, 2024-жылы бошотулган. Күйөөсү камакка алынганда Дарья Лосик өлкөнүн авторитардык башчысы Александр Лукашенкого кайрылып, аны коркоктукка айыптаган. 2023-жылы январь айында Дарьянын өзүн эки жылга эркинен ажыратышкан. Буга анын "экстремисттик" деп таанылган польшалык «Белсат» телеканалына интервью бергени негиз болгон, ага «экстремисттик ишмердүүлүктү жайылткан» деген айып тагылган.
2024-жылдын 24-июлунда беларус бийлиги камакта жаткан саясий туткундар арасынан беш аялды бошотконун, алардын бири Дарья Лосик экенин "Гомельская Весна" укук коргоо долбоору жазган.
Игорь Лосиктин адвокаттарынын айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болсо, айрымдары лицензиясынан ажыратылган. Анын ата-энеси журналисттерге 2023-жылдын 20-февралынан бери уулунан кат-кабар ала электигин айтышкан.
АКШнын Мамлекеттик департаменти, АКШнын Хельсинки комиссиясы, америкалык жана литвалык бир нече мыйзам чыгаруучу, бир катар уюмдар беларус бийлигин Лосикти тез арада бошотууга чакырышкан.
Укук коргоочулар Игорь жана Дарья Лосикти "саясий туткун" деп таанышкан. (AiA)