2011-жылдан бери көрсөтүлүп, дүйнөлүк феноменге айланган «Так талаш» (Game of Thrones) телесериалы соңуна чыгып, ал социалдык тармактардагы көрөрмандарын экиге бөлдү. Сериалдагы окуялар ойдон чыгарылганы менен, тасмадагы саясий оюндар жана тирештер көпчүлүк үчүн тааныштай сезилет.