Иранда хижабын чечкендер кармалды
Иран полициясы хижаб кийүүгө милдеттендирген мыйзамга каршы демонстрацияга чыккан 29 аялды камакка алганын билдирди. АКШ Латын Америкасындагы мамлекеттерге Кытай менен Орусиядан сак болууга чакырды. Британия-Кытай ишкерлери кеминде 13 млрд долларлык келишимдерге кол коюшту. Казакстан Орусиянын өтүнүчүн аткарып, Байкоңурдан учурулган ракеталардын калдыктары үчүн жаратылыш коругунун аймагын караштырууда. Кубанын маркум лидери Фидель Кастронун тун уулу 68 жашында өз өмүрүнө кол салды. Германияда сыноодон өтүп жаткан жаңы Airbus учагын алгачкылардан болуп “Эйр Астана” сатып алганы турат.
Чыгарылыштар
-
Май 13, 2025
Казак жаранын карматкан иштин чоо жайы
-
Май 12, 2025
Армиядагы зомбулук, сөгүш алган министр
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Май 09, 2025
Бишкектеги эскерүү: Дүйнөдө тынчтык болсун!