Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

1-июндан тарта Өзбекстандын жарандары Кытайга визасыз каттай алат


Июндан тарта Өзбекстандын жарандары Кытайга визасыз бара алат. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эки мамлекет ортосундагы виза режимин алып салуу келишими быйыл 1-июнда күчүнө кирмекчи.

Макулдашууда өзбек жана кытай жарандары кирип-чыгуу жана транзит визаларынан бошотулат, бирок ар бир жолу өлкөдө 30 күндөн ашык жүрө албайт, 180 күн ичинде 90 күндөн көп калууга болбойт деген эреже каралган.

Былтыр жыл этегинде Кытайдын жана Өзбекстандын башкы дипломаттары эки мамлекеттин жарандарына бири-биринин аймагында 30 күнгө чейин визасыз саякаттоого жол ачкан келишимге кол койгон.

Виза тартибин жөнөкөйлөштүрүү тууралуу документ 2023-жылы президент Шавкат Мирзиёевдин Кытайга сапары учурунда эки мамлекеттин башчылары ортосунда макулдашылган.

2021-жылдын мартынан бери кытайлык жарандар Өзбекстанга 10 күнгө чейин визасыз каттай алышат. Ал эми Өзбекстандын жарандары Кытайга виза алууга тийиш.

Быйыл апрелде кыргыз тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда визасыз кирип-чыгуу режимин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.


Шерине

XS
SM
MD
LG